SerepTV Logo

Абдил Сегизбаевдин жубайы жана тарапташтары бошотулду

Абдил Сегизбаевдин жубайы жана тарапташтары бошотулду
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан Абдил Сегизбаевдин жубайы жана анын тарапташтары бошотулду. Бул тууралуу камакка алынган экс-чиновниктин өкүлү Мээрим Асанова билдирди. Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери протокол түзүп, кармалгандарды бошотушкан. “Аларды эмне үчүн кармашты, белгисиз. Мен алар менен байланыша албай жатам. Милиция кызматкерлери тарабынан 5 адам кармалган. Алардын ичинде Сегизбаевдин жубайы да бар болчу”, - деди Асанова. Бүгүн эртең менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы жана тарапташтары филармониянын алдына митингге чыккан учурда Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.  
edita