SerepTV Logo

"Абалым оорлоп, кыйналып жатам". Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы коронавируска кабылды

"Абалым оорлоп, кыйналып жатам". Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы коронавируска кабылды

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбекова коронавирус жуктуруп алды. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына кечээ, 4-июлда жазып чыкты.

"Урматтуу кесиптештер! Атың өчкүр илдет акыры мени да жыкты. Бүгүн түштөн кийин дене табым көтөрүлүп, дем жетпей, кан басым бийик болуп, абалым кескин оорлоп кетти. Кыйналып жатам. Эртең Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынды ачат. Орун басарларым байланышта. Убактылуу кесиптештерим менен иштешип турсаңыздар", - деп жазды ал. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен парламенттин 13 кызматкеринен коронавирус аныкталганы маалым болгон.