SerepTV Logo

Райымбек Матраимовдун абалы жакшы болуп калганына карабай, ал дале менчик ооруканада жатат

Райымбек Матраимовдун абалы жакшы болуп калганына карабай, ал дале менчик ооруканада жатат
Камакка алынган Райымбек Матраимов дагы да болсо ден соолугуна байланыштуу менчик ооруканда дарыланууда. Учурда ал жаткан "Бикард" кардиологиялык клиникасынан Матраимовдун абалы бүгүнкү күндө турукташып, жакшырып калганын билдиришти. Ал эми клиниканын башкы дарыгери Дамир Осмонов Матраимовдун ден соолугунун абалы турукташса, ал жүрөк кан тамырлар коронарографиясынан өтөөрүн билдирип, андан киийин гана бажычынын ден соолугунун диагнозу так билинерин айткан. Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. УКМКнын маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырган. Матраимовго буга чейин коррупция беренеси боюнча иш козголуп, алгач 2 миллиард сом, кийин соттун чечими менен 260 миң сом төлөөгө милдеттендирилген болчу.
Unknown Author