"Абактан кат". Жарандык активист Тилекмат Куренов элге жана жакындарына кайрылды
Абакта кармалган жарандык активист Тилекмат Куренов элге жана жакындарына кайрылуу жасады. Кайрылууну «Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.
“Урматтуу элим, мен өлкөбүзгө бир тыйын дагы зыян келтирбегенимди ишенимдүү айта алам. Менин абийирим сиздердин жана жараткандын алдында таза. Менин эңсегеним элибиздин теңчилиги, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук!
Кыргызымдын баатырларына кайрылам! Ардактуу бир тууганым, ар бирибиз ичибиздеги Манас атабыздын демин ойготуп, өлкөбүздүн жаркын келечеги, адилеттүүлүктү орнотуш үчүн биригүүгө убакыт келди. Акыйкат сүйлөп, мыйзамдуулукту талап кылгандан коркпогула! Биздин өлкөбүздү өнүктүрүүгө акылыбыз дагы, күчүбүз дагы, эркибиз дагы жетет! Жаркын келечектен үмүт үзбөйлү. Жараткан баарыбызды колдосун! Урматым менен уулуңар Тилекмат!" - деп жазган ал.
15-мартта Бишкекте милиция кызматкерлери жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишкен. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Кийинчерээк Бишкек шаардык милициясы ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Свердлов райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 1 айга камакка алган.
9-март күнү Кудайбергенов тарапташтары менен Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясын уюштуруп, президент Садыр Жапаровду, Жогорку Кеңештин спикерин жана депутаттарды бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдирген эле.