Абактагы Р.Матраимов артериалдык кан басымга байланыштуу даттанды
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов артериалдык кан басымга байланыштуу даттанды. Бул маалыматты бүгүн, 22-февралда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, бүгүн УКМКнын абагына барып, камактагы жарандардын шарты менен таанышкан.
«УКМКнын абагынан (СИЗО) Матраимовго медициналык кызмат көрсөтүлүп жатат»,- деди ал.
Райымбек Матраимов УКМКнын абагына 2 айга камакка алынган. Мындай чечимди 20-февралда Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Анын жактоочусу Мадина Ниязова бул чечим менен макул эмес экенин айтып, 5 күндүн ичинде жогорку инстанцияга даттанарын билдирген.