"Үй камагына чыгарды". Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынына келди
Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин жыйынына келди. Ал Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына чыккан.
"Жактоочуларымдын сунушу менен баш коргоо чара өзгөртүлдү. Кечээ үй камагына чыктым", - деди ал.
Ал анын ордуна башка эл өкүлү добуш бергени боюнча комментарий берди.
"Мен депутат Акылбек Жапаровго ишеним кат бергем. Ошонун негизинде менин ордума добуш берди. Абактын кызматкерлери аркылуу кагаз түрүндө ишеним кат бергем. Сизге ишенем, сиздин чечимге ишенем деп ишеним кат бергем", - деди ал.
16-январда Дүйшөн Төрөкулов УКМК тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган болчу.