SerepTV Logo

Абайлаңыз! Бишкекте аялдамаларга токтогон унааларга каршы рейд башталды

Абайлаңыз! Бишкекте аялдамаларга токтогон унааларга каршы рейд башталды
Бишкекте аялдамаларга токтогон унааларга каршы рейд башталды. Бул тууралуу "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,  Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" ишканасы аялдамаларга жана коомдук транспорттун алдына токтоп, кыймылга тоскоолдук жараткан унааларга каршы масштабдуу рейд баштады. Коомдук транспорттун аялдамаларга токтоосуна тоскоолдук жараткан унаалар эвакуаторлор менен алынат.
perizat