SerepTV Logo

Аба-ырайы: 7-февралда көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт

Аба-ырайы: 7-февралда көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Эртең, 7-февралда аба ырайы өзгөрүп, республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдайт. Абанын температурасы: Талас, Чүй облустарында түнкүсүн -3...+4, күндүз +7…12; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…6, күндүз +11…16; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…8; Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-19, күндүз -1…-6 суук болот. Борбор калаа Бишкек шаарында мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +1…3, күндүз +10…12 градус жылуу болот.
admin@supertv.kg