SerepTV Logo

Аалымдар кеңешине талапкерлер сынак тапшырууда

Аалымдар кеңешине талапкерлер сынак тапшырууда
Бүгүн, 21-июнда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин VII чакырылышына талапкерлер сынак тапшырууда. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Талапкерлер тавсир, хадис, усуль аль-фикх, акыйда китептеринен сынак берүүдө. Жалпысынан 61 талапкер катышып жаткан сынактын биринчи бөлүгү жазуу түрүндө өтүп жатат. Андан өткөн талапкерлер эртең, 22-июнда баарлашууга киришет. Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө 61, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына 14, муфтийдин кызмат ордуна 9 талапкер катталган.
Unknown Author