SerepTV Logo

Аалымдар Кеңеши: "Вакцина алууга исламда каршылык жок"

Аалымдар Кеңеши: "Вакцина алууга исламда каршылык жок"
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө шариятка каршы келбесин айтты. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинен билдиришти. Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес. "Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда  шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан  Саламаттык сактоо министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, эмдөөгө исламда каршылык жок",- деп айтылат маалыматта.