90дон ашуун адам торнадодон набыт болду. Садыр Жапаров Жо Байденге көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденге Американын Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
“Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан адамдардын курман болгонун жана кыйроолор тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул жаратылыш кырсыгынан улам курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Акыркы маалыматтар боюнча торнадодо көз жумгандардын саны 94 адамдан ашты. Ондогон киши дайынсыз болууда. Бир нече шаар толугу менен талкаланды.