SerepTV Logo

9-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Күңдүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +25…+30; Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +24…+29; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +16...+21, күндүз +29…+34; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25; Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27; Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15°, күндүз +27…+29° жылуу болот.
edita