SerepTV Logo

9-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-октябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6… +11, күндүз +21…+26, Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +22…+27, Ысык-Көл облусу түнкүсүн +4…+9, күндүз +16 …+21, Нарын облусу түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус болот.