9-марттан тарта Бишкектин 2, 3, 4-классынын окуучулары салттык режимде билим алып башташат
Борбор калаанын 2, 3, 4-класстарынын окуучулары 9-марттан тарта мектепке барып келип билим ала башташат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
“Санитардык- эпидемиологиялык талаптар бекем сактоо менен 9-марттан тарта Бишкекте 2, 3, 4-класстар офлайн окуй башташат”,- деп билдиришти мэриядан.
Белгилей кетсек, учурда борбор калаада 1, 5, 9, 11-класстын окуучулары гана мектепте салттык режимде, барып келип окушат. Ал эми калган класстын окуучулары жана Бишкектеги бала бакчалар буга чейин 1-марттан тарта кадимки тартипте иштеп баштары айтылган болчу. Бирок кийинчерээк кайра Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-марттан тартып мындай чечим өз күчүнөн тайганын билдирген.