9-мартка карата 160 миң салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды
9-мартка карата 159 миң 660 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 46 миң 658 юридикалык жак, 63 миң 121 жеке ишкер, 19 миң 265 жеке жак, 10 миң 768 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 19 миң 848 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.
Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,
- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,
- менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,
- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.