SerepTV Logo

9-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-майда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +14...+19, күндүз +24...+29; Талас дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +26...+31; Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26; Нарын жергесинде түнкүсүн +7...+12; күндүз +23...+28. Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +26...+28 градус болот.