SerepTV Logo

10-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

10-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
Эртең, 10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт жана жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-7, күндүз +3…+8; Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7; Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5. Бишкекте 10-февралда түнкүсүн кар аралаш жаан жааса, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +6…+8 градус болот.
edita