SerepTV Logo

9-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23; Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндуз +16…+21; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндуз +13…+18; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12°, күндүз +21…+23° жылыйт.