8-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Аба ырайынын температурасы:
-
Чүй облусу түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31
-
Талас облусу түнкүсүн +6...+11, күндүз +24...+29
-
Баткен облусу түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34
-
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34
-
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28
-
Нарын облусу түнкүсүн +6...+11, күндүз +24...+29
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +15...+17, максималдуу температурасы күндүз +28...+30.
Чолпон-Атада жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +12...+14, максималдуу температурасы күндүз +23...+25.