SerepTV Logo

8-мартта Бишкекте аялдар укугуна арналган тынчтык митинги өтөт

8-мартта Бишкекте аялдар укугуна арналган тынчтык митинги өтөт
Бишкекте 8-март күнү жыл сайын боло турчу «Аялдардын шериктештик маршы» өтөт.  Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине иш-чаранын уюштуруучулары билдирди. Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылып, алардын талаптары коюлат. Жүрүш саат 12:00дө Ак үйдүн алдындагы революциянын баатырларынын эстелигинин жанында болот. Аталган бул тынчтык акцияны активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жатат. Өлкөбүздө акыркы жылдары аялдардын укуктары корголбой келет. Мен муну тажрыйбама таянып айта алам. Зордукталган, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндер көп. Аялдардын кыймылы чогулуп, бүгүнкү күндү белгилеп жатканын колдоого аларлык иш”, - деп билдирди уюштуруучулардын бири. Ошондой эле уюштуруучулардын айтымында, 8-март күнүндө тарыхта аялдар өзүлөрүнүн укугун корголушун, социалдык, гендердик теңчиликти талап кылып чыгып келишкен. Кийин анан СССР доору келгенде бул күн өлкөбүздө бурмаланып калган. Ошондуктан мындай тынчтык митингдер аялдардын бүгүнкү күндөгү ролун, ордун коомчулукка угуузуу болуп саналат. Өткөн жылдын 8-март күнү да Бишкекте "Аялдардын тилектештик жүрүшү" өткөн. Бирок анда жүрүш башталган учурда ал жерге белгисиз калпак жана беткап кийген эркектер тобу келип, уюштуруучулар менен конфликтке барышкан. Мындан улам милиция кызматкерлери уюштуруучуларды кармап кеткен. Алар түшүнүк кат жазышып, коё берилген.
Unknown Author