SerepTV Logo

8-майга карата кыргыз-тажик чек арасынын аймагында абал туруктуу

8-майга карата кыргыз-тажик чек арасынын аймагында абал туруктуу
8-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Чек арага чектеш айылдар милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө. ИИМдин "Шер" атайын багыттагы отряды менен УКМКнын Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын дайындоодогу отряды күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө. Баткен облусунда Бишкек, Ош шаарларынан, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жөнөтүлгөн ыкчам-тергөө топтору иштеп жатат. Бүгүнкү күндө 52 ыкчам-тергөө тобу чыгымдарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүп, тажик тараптан курал колдонулганы жөнүндө далилдерди документтештирип, топтоодо. Андан сырткары, милиция кызматкерлери жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүп жатат. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек тилкесинде абал туруктуу.