SerepTV Logo

8-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

8-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
8-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын басымдуу бөлүгүндө, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25, Талас облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +29...+34, Чүй облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +32...+37, Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус ысык болот.