8-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
Эртең, 8-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, күндүз бардык аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +9...+14,
Талас облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +9...+14,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+6, күндүз +3...+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6,
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн +2…+4, күндүз + 12…+14 градус болот.