SerepTV Logo

8-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы

8-апрелге карата өлкөдөгү аба ырайы
Кыргызстанда эртең, 8-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21; Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11; Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +19…+21 градуска чейин жылыйт.
edita