SerepTV Logo

8-9-декабрда күн сууктап, кар жаайт

8-9-декабрда күн сууктап, кар жаайт

8-9-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Кыргызгидромет билдиргендей, айрым райондордо туман түшүшү күтүлөт.

?Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10...-15°, күндүз -4...-9° чейин. ?Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -6...-11°, күндүз -1...-6°. ?Ысык-Көлдө түнкүсүн -12...-17°, күндүз -2...-7°. ?Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23°, күндүз -6...-11°. ?Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30...-35°, күндүз -14...-19° чейин.