SerepTV Logo

7-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4 Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5 Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз +6…+8° жылуу болот.