SerepTV Logo

7-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
7-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20 Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25 Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+29 Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18 Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +21…+23° жылуу болот.