SerepTV Logo

"7 миң сомго чейин акча алып турган". Ош шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды

"7 миң сомго чейин акча алып турган". Ош шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды
Базар ишкерлеринен мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган Ош шаарындагы №1 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, №1 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Т.Т.М. базар ишкерлеринен айына 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 326-беренесине ылайык (пара талап кылуу) кылмыш иши козголгон. Кызматтык бөлмөсүн тинтүү учурунда, мурда пара катары берилген акча каражаттар табылган. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
edita