"7 миң сомго ким иштейт?" Депутат айылда айлык аз экенин айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Эгемдердиев айылдагы айлыктык аздыгынан кадр жетпей жатканын билдирди.
"Мектепте иштеген техникалык персоналдардын айлыгы 7 миң сом экен. Агын суу чарбалык ишкананын кызматкерлери да 7-10 миң сом айлык алат экен. Айыл жергесинде кадр тартыштыгы айлыктын аздыгына байланыштуу экен. Бүгүнкү күндө 7 миң сомго ким иштейт? Эң аз пенсия 6 миң 900 сом болуп жатса, 7 миң сом айлыкка ким иштейт? Кадрды кайдан табабыз?",- деди депутат.