SerepTV Logo

7-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

7-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 7-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39; Талас облусунда түнкүсүндө +16…+21, күндүз +33…+38 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27; Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28 градус ысык болот. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +35…+37 градус ысык болот.