SerepTV Logo

7-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

7-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 7-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40; Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39; Баткен облусунда түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +36…+41; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32; Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30; Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +22…+24 градус болсо, күндүз +38…+40 градуска жетет.