SerepTV Logo

6-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
6-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24, Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус болот. Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы 12…14°, күндүзгү температурасы 21…23° болот.