6 небереси менен кепедей үйдө күн кечирген эне дайынсыз кеткен кызына кайрылды
Алимахан Төлөнбаева Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында 6 небереси менен кепедей үйдө күн кечирет. "Кызым 5 баласын мага калтырып, иштейм деп кеткен бойдон дайынсыз. Балдардын кичүүсү 2 жашта. Биз баш калкалап жаткан жер мурда тооккана, сарай катары пайдаланылган экен. Жаан-чачында шыбынан суу агып, туш тарабынан шамал аркырап кирип жатат. Жакшыраак жайга көчсөк, кызым кайтып келсе экен деген тилегим күч" дейт ал.
"Кызымдын дайынсыз кеткенине 2 жыл болду. Үчүнчү жолдошун ээрчип кеткен. Ошондон бери өзү да, жолдошу да жок. Мен келип калат деп күтүп келем. Кызым, мени көрсөң, келип кет. Балдарыңды карап, бак. Жыртык-тешик үйдө отурам. Айылдагы үйдү сатып, 6 айда үй алып берем деген компанияга бергем. Быйыл 4 жыл болду. Акча да, үй да жок", - деди эне.
https://youtu.be/wQwrouXRLzI