6-майга карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
6-майга карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган эмес.
"Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол берөө керектигин түшүндүрүүдө. Чек арага чектеш аймактагы коопсуздукту милиция менен бирге, ички аскерлер менен башка күч түзүмдөрү көзөмөлдөөдө. Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында жеринде 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат",- деп айтылат маалыматта.