SerepTV Logo

6-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

6-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 6-февралда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз 2…7; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6; Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8; Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11° суук, күндүз 2…4° болот.