SerepTV Logo

6-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

6-августка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 6-августта тоолуу аймактарда, айрым райондордо жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +16 … +21, күндүз +30 … +35; Талас облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +28 … +33; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17 … +22, күндүз +32 … +37; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +23 … +28; Нарын облусунда түнкүсүн +7 … +12, күндүз +21 … +26 градус ысык болот. Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19 … +21, күндүз +33 … +35 градус ысык болот.