SerepTV Logo

5-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
5-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28; Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29; Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21; Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 25…27° жылуу болот.