SerepTV Logo

5-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
5-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16; Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15; Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19; Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19; Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6 градус болот. Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы 8…10°, күндүзгү температурасы 14…16° болот.