SerepTV Logo

5-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 5-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22; Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25; Ысык-Көлдө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19; Нарын дубанында түнкүсүн -1…+4; күндүз +14…+19; Бишкекте түнкүсүн +12…+14°, күндүз +20…+22 градус болот.