SerepTV Logo

416 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

416 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде 416 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Аймактардан адаттагыдай Бишкек алдыда. Борбор калаада — 246, Чүйдө — 110, Ош шаарында — 10, Ош облусунда — 3, Ысык-Көлдө — 25, Нарында — 5, Баткенде — 2, Жалал-Абадда - 15. Оору катталгандан бери вируска чалдыккандардын жалпы саны 98 миң 79 кишиге жетти. Коронавирустан акыркы күндө 6 киши каза болду. Бишкек шаарында - 4, Чүй облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 1 өлүм катталган. Оору катталгандан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1 миң 649 адамга жетти.