SerepTV Logo

4-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

4-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 4-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2; Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5. Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1° болот.