SerepTV Logo

4-декабрда Таласта 24 саат бою тынбастан манас айтылат

4-декабрда Таласта 24 саат бою тынбастан манас айтылат
4-декабрда Таласта 24 саат бою тынбастан манас айтылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабаралашты. Маалыматка ылайык, бул иш чара Манас күнүнө карата уюштурулуууда. Аталган иш-чарага өлкөнүн жети дубанындагы жаш жана белгилүү манасчылар келип катышат. Манас айтуу Талас облусундагы "Манас ордо" комплексинде 4-декабрда, саат 11:00дө башталып, 5-декабрь саат 11:00гө чейин созулаары айтылууда. Белгилей кетсек, бул иш-чара мамлекеттин бюджетинен эмес, меценаттардын жана демөөрчүлөрдун колдоосу менен өткөрүлөт.
Unknown Author