4-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 4-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +23...+28;
Талас жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +22...+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +24...+29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +14...+19;
Нарын дубанында түнкүсүн -4...+1; күндүз +16...+21;
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +8...+10, күндүз +25...+27 градус болот.