385 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика
Акыркы сутка ичинде 385 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Аймактардан адаттагыдай Бишкек алдыда. Борбор калаада — 226, Чүй облусунда — 108, Ош шаарында — 12, Ош облусунда — 4, Ысык-Көл — 15, Нарында — 16, Баткенде — 4. Оору катталгандан бери вируска чалдыккандардын жалпы саны 97 миң 663 кишиге жетти.
Коронавирустан акыркы күндө 3 киши каза болду. Адам өлүмү Бишкек шаарында, Чүй облусунда, Ысык-Көл облусунда катталган. Оору катталгандан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1 миң 643 адамга жетти.