SerepTV Logo

Бишкекте 38 жаштагы Медер Мамбетов изделип жатат

Бишкекте 38 жаштагы Медер Мамбетов изделип жатат
1983-жылы туулган Мамбетов Медер Турдалиевич изделип жатат. Ал 2021-жылы 12-майдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Расмий маалымат боюнча, изделип жаткан жаран Ошко кетүүнү пландап жаткан. Анын дареги дайынсыз болуп жаткандыктан 19-май күнү досу милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган. Медер Мамбетовдун бою 180-183 сантиметр чамалуу, арык чырай, чачы жана көзү кара. Акыркы жолу бозомук спорттук костюм, көк түстөгү баш кийим кийип кеткен. Милиция жаран тууралуу маалыматы бар адамдарды 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (312) 352-947, 0 (707) 557-887 телефон номурлары жана «102» кызматы аркылуу байланышууга чакырат.