SerepTV Logo

31-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

31-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 1-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолуна (Чоң-Ашуу ашуусу), Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу автоунаа жолунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл. 31-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2; Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндуз -5…-10. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -2…-4° болот.