SerepTV Logo

31-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

31-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 31-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы унаа жолдор тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9; Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8; Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6; Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +6…+8 градус болот.
edita