SerepTV Logo

31-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

31-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 31-декабрга караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6. Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы 0…+2, күндүз +4…+6 градус болот.