3000ден ашуун адам Сокулук районундагы жер тилкелерин кайтарып берүүгө тийиш
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ново-Павлов айыл аймагынын Семетей айылында 3 миңден ашуун адамга берилген жер тилкелери кайтарылып алынат. Бул тууралуу аталган райондун акими Аманкан Кенжебаев билдирди. Анын айтымында, бул адамдарга жер тилкелери башка жерден берилет: «Аэропорттон алыс эмес жерде жайгашкан Семетей айылындагы жер тилкелери 2009-жылы берилген. Көрсө, ал жакка аэропорттун экинчи тилкесин салууну пландаштырылган экен, бирок долбоор ишке ашпай калган. Айрым адамдар митингге чыгып, жер тилкелерин бөлүп берүүнү талап кыла баштаганда, өкмөт аларга Семетей айылынан жер тилкелерин бөлүп берүү чечимин кабыл алган.Эми бул чечим жокко чыгарылды, биз Ат-Башы айыл аймагынын Лесное айылынан жер тилкелерин беребиз. Буга чейин 345 гектар жер бөлүнүп берилген », - деди ал.
Кенжебаев белгилегендей, жарандар жер тилкелерине документтерин тапшырып, комиссиянын чечими менен Лесное айылынан жер тилкелерин алышы керек. Бирок, айрым адамдар жердин документтери боюнча көйгөйлөргө туш болушуп жаткандыктарын да кошумчалады.