SerepTV Logo

«30 тонна балык кырылды» деген видео боюнча министрлик маалымат берди

«30 тонна балык кырылды» деген видео боюнча министрлик маалымат берди
Соцтармак колдонуучусу Анвар Яхизов бир түндө 30 тонна балык кырылып калганын айтып чыккан. Окуя Ысык-Атадагы Новое көлүндө болгон. Айыл чарба министрлиги маалымат берди. Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ысык-Ата райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Санитардык-бактериологиялык лабораториясынын жыйынтыгы боюнча аталган суунун үлгүсүндө нормадан бир нече эсе ашкан көрсөткүчтөр аныкталды.

Бул төмөнкү терс таасирлерге алып келиши мүмкүн:

Кычкылтек жетишсиздиги: бактериялар жана органикалык калдыктар кычкылтекти азайтат, бул гипоксияга алып келет.

Метаболизмдин бузулушу: аммиактын жогору деңгээли жабрларга жана ички органдарга терс таасир берет.

Экологиялык тең салмактын бузулушу: суунун микрофлорасы жана азыктык чынжыр бузулат.

Балык запастарынын массалык өлүмү жана репродукциянын төмөндөшү.

Жыйынтык: Суунун сапаты санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербейт. Анализдер суунун бактериалдык жана химиялык булганганын тастыктайт. Бул балыктарга жана жалпы экосистемага олуттуу коркунуч жаратат.

edita